• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир суткада жугуштуу оорулар ооруканасына 168 адам кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Күн мурун, 12-мартта Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына 168 адам кайрылып, алардын 97и балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын, 44ү ооруканага жаткырылган, алардын ичинен 35и жаш балдар.

"Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 11 адам кайрылса, алардын 3ү ооруканага жаткырылып, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 36 адам кайрылган. Алардын 14ү ооруканага жаткырылып, 22 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий