• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте бир сутканын ичинде 2 автоунаа күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суткада 31 өрт катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан өрттү өчүрүүгө 37 өрт бөлүмү тартылган.

Бишкектеги 7-апрель жана Шоокум көчөлөрүнүн кесилишинде “Ауди 100” (мамномер S4600AG), үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккан. Натыйжада унаанын ичи жана кыймылдаткычы күйүп кеткен.

Андан сырткары Достоевский көчөсүндө “Субару Легаси” (мамномер В8741V) автоунаасы толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жал кичи районундагы №23 үйдөгү батирлердин биринин ашканасынан өрт чыккан. Натыйжада 3 чарчы метр жер жана муздаткыч күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий