• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жаран дүкөндөн 90 миң сом уурдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Бишкекте бир жаран дүкөндөн 90 миң сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июнь күнү Свердлов районунун милиция кызматына Х.М. аттуу жаран арыз жазып кайрылган.

Анын айтымында, 24-июнь күнү болжол менен саат 05:00дө белгисиз адамдар Бишкектин Элебесов көчөсүндө орун алган дүкөнгө кирип, монитор жана 90 миң сом уурдап кетишкен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде "Уурдоо" беренеси боюнча катталган.

Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары 31 жаштагы П.К., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий