• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жарым ай аралыгында бир дагы бала COVID-19 жуктурган эмес

Коом 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы бир жарым айдан бери бир дагы бала COVID-19 илдетин жуктунган эмес. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева билдирди.

Анын айтымында, балдарда коронавирусту сасык тумоодон айырмалоо мүмкүн эмес, анткени чоңдордо симптомдор болот, мисалы, даамдын, жыттын бузулушу. Балдардан муну сурай албайбыз. COVID-19 - башка респиратордук инфекциялар сыяктуу эле вирустук инфекция, ошондуктан аны айырмалоо мүмкүн эмес.

“Бирок мен калкты тынчтандырып кетким келет. Биздин кызыл зонада акыркы бир жарым айдан бери коронавирус жуктурган балдар жок.

Биз ооруп кайрылган айрым балдардан шектенип, ПЧР тестин алдык, бирок алардын ата-энелери сыяктуу терс болуп чыкты”, - деди ал.

Бул балдар арасында COVID-19 азайганынан кабар берет.

Пикир

Оставить комментарий