• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жарым миң адамдын катышуусунда “Күз деми 2017” марафону өтөт

Спорт 0

Бишкек, 06.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 8-октябрда “Мөл булак күз деми – 2017” марафону өтөт. Бул тууралуу “Тонус” коомдук фондунун уюштуруучулары кабарлайт.

Маалыматка ылайык иш-чарага жакынкы жана алыскы мамлекеттердин 20 өлкөсүнөн 1 миң 500гө жакын спорт сүйүүчүлөрү катышат.

Чуркоонун максаты – элдерди спортко үндөө. Иш-чара спорт сүйүүчүлөрүнө арналат. Жарым марафон үч аралыктан турат: 5, 10 жана 21 чакырым.

Марафон “Аска-Таш” мемориалдык комплексинен башталып “Манас” аэропортунан аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий