• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жума аралыгында 6 миң 893 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 21 январдан 28-январга чейин Бишкек шаарынын аймагында 6 миң 893 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, бузуулардын ичинен:

-Мас абалында авто унаа башкаруу – 77;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 13;

-Айдоочулук күбөлүгү жок авто унааны башкаруу – 72;

-Ар кандай жол эрежелерин бузуу – 6 миң 731.

Ошондой эле 466 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Мындан сырткары, бир жума ичинде милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 52 кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылды. Анын ичинен:

-Бейбаштык – 17;

-Адам өлтүрүү – 1;

-Уурдоо – 4;

-Алдамчылык – 2;

-Тоноо – 2;

- Каракчылык – 1;

- Зордуктоо – 2.

Бир жума ичинде "102" кызматы боюнча жарандардан келип түшкөн ар кандай багытта 1 миң 416 чакыруулар тейленди.

Пикир

Оставить комментарий