• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте бир жума ичинде 41 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 2-октябрдан 8-октябрга чейин 2 миң 72 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

- мас абалында унаа айдагандар – 41 айдоочу;
- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдагандар - 9;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 54;
- башка жол эрежесин бузуулар - 1 миң 968.

Айып аянтчасына 203 унаа коюлган.

Пикир

Оставить комментарий