• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жума ичинде 57 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 2-августтан 8-августка чейин 4 миң 296 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

- мас абалында унаа айдагандар – 57 айдоочу;
- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдагандар - 5;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 95;
- башка жол эрежесин бузуулар - 4 миң 139.

Айып аянтчасына 353 унаа коюлуп, анын 103ү эвакуатор менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий