• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жума ичинде 78 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 23-октябрдан 29-октябрга чейин 5 миң 273 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

- мас абалында унаа айдагандар – 78 айдоочу;
- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдагандар - 29;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 80;
- башка жол эрежесин бузуулар - 5 миң 86.

Айып аянтчасына 426 унаа коюлган.

Пикир

Оставить комментарий