• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 4 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 25-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта 3 миң 925 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жумада 64 айдоочу мас абалында колго түшсө, тиешелүү документи жок 35, автоунаасынын терезесин караңгылатып алган 15 айдоочуга протокол толтурулган.

Ошондой эле акыркы бир аптанын ичинде жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер тарабынан жол эрежесин бузган 41 фактысы катталган.

"Унаа каражаттарын каттоо тартибин бузган 221 факты, мотоцикл шлемин же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузган 488 учур катталды. Башка бузуулар 2 миң 593", - деп айтылат маалыматта.

Жол эрежесин бузган 689 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий