• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 49 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 10нан 16-сентябрга чейинки аралыкта 4 миң 431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 49;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 6;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 54;

- жасалма мамлекеттик номур менен автоунаа башкаруу - 3;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 52;

- авто ээнбаштык - 1;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 366. Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузган 482 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий