• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада 5,2 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-июнунан 10-июнга чейин Бишкек шаарынын аймагында 5 208 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 50;
- унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 8;
- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 52;
- авто ээнбаштык - 1;
- башка жол эрежелерин бузуулар - 5 097.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай эреже бузган 402 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий