• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Бишкекте 2нен 8-апрелге чейин 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу — 67;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
- айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 99;
- "Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар — 110;
- башка жол эрежелерин бузуулар — 5 351.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, эреже бузган 417 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий