• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 5 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкекте 3-9-июнь аралыгында 5 миң 216 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 60 айдоочу мас абалында унаа башкарса, 5 жаран унаасынын терезесин караңгылатып алган. Андан тышкары, 53 айдоочу автоунаасынын тиешелүү документин көрсөтө алган эмес. 1 миң 53 киши коопсуздук курун тагынган эмес.

Ал эми жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар боюнча 673 факты катталган. Башка эреже бузуулар – 3 миң 390. Ар кандай жол эрежелерин бузган 479 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий