• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 5 миңден ашуун эреже бузуу аныкталып, 42 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 7-январдан 13-январга чейинки аралыкта 5 миң 14 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкарган 42 айдоочу кармалган;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 23;

- жасалма номер менен автоунаа айдоо - 2;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 157;

- башка жол эрежелерин бузуулар 4 миң 779. Ар кандай жол эрежелерин бузган 255 автоунаа убактылуу айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий