• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте бир жумада 5 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 11нен 17-июнга чейинки аралыкта 5 миң 124 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

- мас абалында авто унаа башкаруу - 50 айдоочу;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -10;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 48;

- авто ээнбаштык - 1;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 5 015. Ар кандай жол эрежесин бузган 375 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий