• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 56 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Бишкекте 15-октябрдан 21-октябрга чейинки аралыкта 3 миң 806 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 56;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 51;

- автоээнбаштык - 2;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 67;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 3 619. Ал эми ар кандай эреже бузган 414 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий