• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 68 кылмыш жана жоруктардын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 2021-жылдын 19-февралынан 25-февралына чейинки аралыкта 68 кылмыш жана жоруктардын бети ачылды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • уурдоо – 4;
  • тоноо – 2;
  • ээнбаштык – 25;
  • алдамчылык – 2;
  • зордуктоо – 1;
  • үй-бүлөлүк зомбулук – 28;
  • башка жоруктар – 6.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 19-февралынан 25-февралына чейин “102” номерине ар кайсы багыттар боюнча жарандардан 1 миң 479 чалуу болуп, ал ыкчам жана сапаттуу тейленгендиги маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий