• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 7 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-мартынан 25-мартына чейинки аралыкта Бишкек шаарынын аймагында 7 миң 93 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында авто унаа башкаруу - 81;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 107;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 134;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 6 миң 760.

520 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий