• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 96 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 28-январдан 3-февралга чейинки аралыкта кайгуул кызматкерлери тарабынан 6 миң 334 жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 96;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 62;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 156;

- автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 9;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 215;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 5 785. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 516 автоунаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий