• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жумада чет өлкөлүк номерлүү унаалар тарабынан 347 жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бишкекте 21-январдан 29-январга чейин чет өлкөлүк номерлүү унаалар тарабынан 347 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул кызматкерлери бир жума аралыгында каттоо убактысы өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номери бар автоунааларды аныктады.

Анын ичинен Россиянын - 52, Армениянын - 5, Азербайжандын - 6, транзиттик - 268 жана башкалар – 16. Автоунаалар Бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий