• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жумада чет өлкөлүк номерлүү унаалар тарабынан 364 жол эрежеси бузулган

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада чет өлкөлүк номерлүү унаалар тарабынан 364 жол эрежеси бузулган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 29-январдан 4-февралга чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 364 автоунааны аныктады. Алардын ичинен Россияныкы - 57, Арменияныкы -8, Азербайжандыкы - 9, транзиттик номурлар - 270, жана башкалар - 20.

Автоунаалардын баарына Бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 12 чет өлкөлүк автоунаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий