• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 43 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 22нен 28-июлга чейинки аралыкта 4 миң 223 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 43;

- терезесин караңгылатып айдоо - 4;

- тиешелүү документи жок рулга отуруу - 31;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 667;

- коопсуздук куру жок унаа башкаруу - 813;

- башка эреже бузуулар - 2 миң 216. Ар кандай эреже бузган 448 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий