• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 50 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарында бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 6 миң 699 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 50;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 52;

- коопсуздук курун тагынбаган - 1 682 ;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 627;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 169. Ал эми ар кандай эреже бузган 374 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий