• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта 6 миң 876 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкарган 57 айдоочу аныкталган;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 22;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 40;

- жасалма номер менен автоунаа айдоо - 2;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 641;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 6 114. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 362 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий