• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 64 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 26-февралдан 4-мартка чейинки аралыкта 6 миң 622 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалда унаа башкаруу - 64;

- терезесин караңгылатуу - 12;

- тиешелүү документи жок 85 айдоочу рулга отурган;

- башка эреже бузуулар - 6 миң 461. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 505 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий