• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 67 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.01.21 /Кабар/. Бишкек шаарында 2020-жылдын 25нен 31-декабрына чейинки аралыкта 5 350 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 67;

- терезелерин караңгылатуу - 24;

- документ жок унаа башкаруу - 91;

- башка эреже бузуулар - 5 168. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 376 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий