• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 161 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бишкекте 26-майдан 4-июнга чейинки аралыкта жол эрежесин бузган 161 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул туралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унаалар аныкталды.

Анын ичинен Россияныкы - 127, Арменияныкы - 15, Грузияныкы - 2, Абхазияныкы - 11, 5 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган бир автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий