• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 208 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 208 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелден 30-апрелге чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 208 авто унаа аныкталган.

Кармалган унаалардын ичинен Россияныкы - 175, Арменияныкы - 5, Грузияныкы – 5, Абхазияныкы - 5 , Казакстандыкы – 2, 16 жана башка чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар.

Алардын бардыгына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай эреже бузган 5 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы текшерүү иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий