• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 215 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 215 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18нен 25-июнга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жол эрежесин бузган 215 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы - 182, Арменияныкы - 9, Грузияныкы - 11, Абхазияныкы - 8, 5 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган алты автоунаа айып короосуна киргизилген.

Кайгуул кызматынан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий