• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 224 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 224 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-25-сентябрь күндөрү каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жол эрежесин бузган 224 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы - 178, Арменияныкы - 15, Абхазияныкы - 10, Грузияныкы - 12, төрт жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган беш автоунаа айып короосуна киргизилген.

Кайгуул кызматынан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий