• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 26-марттан 1-апрелге чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү автоунааларга рейд жүргөн.

Жол эрежесин бузган 277 автоунаанын ичинен Россияныкы - 62, Арменияныкы - 9, Азербайжандыкы - 11, транзиттик номерлер - 180, башка чет өлкөлүк автоунаалар - 15.

Эреже бузган автоунаалардын баарына протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта жол эрежелерин бузган 3 чет өлкөлүк унаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий