• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарды ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 26-февралдан 4-мартка чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 277 автоунааны аныктады.

Алардын ичинен Россияныкы - 65, Арменияныкы - 6, Азербайжандыкы - 9, транзиттик номурлар - 182, 15 жана башка чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар.

Булардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын ичинен 19 чет өлкөлүк автоунаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий