• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 309 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкекте 1нен 8-апрелге чейинки аралыкта жол эрежесин бузган 309 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул туралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номердүү унаалар аныкталды.

Анын ичинен Россияныкы - 64, Арменияныкы - 9, Азербайжандыкы - 11, транзиттик номерлер - 210, 15 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү проотоколдор толтурулуп, ар кандай багыатта эреже бузган 7 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий