• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 374 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 374 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19нан 27-мартка чейинки аралыкта калаада каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 374 автоунааны аныктады.

Алардын ичинен Россияныкы - 69, Арменияныкы - 7, Азербайжандыкы - 10, транзиттик номмерлер - 271, 17 жана башка чет өлкөлүк номерлүү авто унаалар.

Жол эрежесин бузган чет өлкөлүк унаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулду.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай багыттагы жол эрежелерин бузган 9 унаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий