• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 5,3 миңден ашуун факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23нөн 29-июлуна чейин Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 354 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу -76;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 24;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 55;

- жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр - 176;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар 31 айдоочу;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 992. Ал эми ар кандай эреже бузган 344 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий