• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир жуманын ичинде 4,2 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкекте 1-октябрдан 7-октябрга чейинки аралыкта 4 миң 228 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 47;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 13;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 32;

- жасалма мамлекеттик номур менен авто унаа башкаруу - 1;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 58;

- авто ээнбаштык - 2;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 миң 75. Ар кандай эреже бузган 401 автоунаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий