• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте бир жуманын ичинде 47 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9нан 15-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 294 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 47;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;
- айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 70;
- авто ээнбаштык - 1;
- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 076.

478 автоунаа ар кандай бузуулар үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий