• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир жуманын ичинде 5 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 14нөн 20-январга чейинки аралыкта 5 миң 113 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 40;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 16;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 27;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 114;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 145;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 771. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 309 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий