• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте бир жуманын ичинде 54 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 2нен 8-июлга чейинки аралыкта жол эрежесин бузган 4 788 факты аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 54;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 53;

- автоээнбаштык - 3;

-“Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар автоунаалар - 10;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 657. Ар кандай жол эрежесин бузган 317 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий