• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бир жуманын ичинде 68 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21нен 27-январга чейинки аралыкта Бишкек шаарынын аймагында 6 миң 431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 68;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 16;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 39;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 86;

- автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 11;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 208;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 6003. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 351 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий