• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча Евразиялык диалог” форуму өтөт

ЕАЭБ 0

Чолпон-Ата, 26.08.22. /Кабар/. Бишкекте 27-28-сентябрь күндөрү “Бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча Евразиялык диалог” форуму өтөт. Бул тууралуу Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, форумдун алкагында катышуучу өлкөлөр арасында мигранттарга шарт түзүү маселеси талкууланат.

"Бул форумда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн делегациялары активдүү катышат жана анда жогоруда айтылган маселелер толугу менен талкууланат деп ишенебиз.

Биз бүгүн кабыл алып жаткан тарыхый маанилүү чечимдер келечекте интеграциялык бирикмебиздин негизин бекемдейт деп ишенем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий