• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте биринчи эл аралык жарым марафон жарышы өттү

Коом 0

Бишкек, 20.11.17./Кабар/. Бишкекте биринчи эл аралык жарым марафон иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара кечээ, 19-ноябрда “Арча-Бешикте” жайгашкан “Газпром” ден-соолукту чыңдоо жайында өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага БШКнын депутаттары, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев, шаардык муниципалитеттин өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктор катышкан.

Катышуучулар 10 000 м жана 3 000 м аралыкка чуркашкан.

Маалыматка ылайык, катышуучулар – кесипкөй спортчулар жана ар кайсы өлкөдөн келип, чуркоону сүйгөндөр катышкан.

Уюштуруучулар жыл санап аталган иш-чаранын катышуучуларынын саны өсөт деп ишенишет.

Пикир

Оставить комментарий