• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте биринчи хинди-кыргыз сөздүгүнүн бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкекте Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкардын расмий иш сапарынын алкагында биринчи хинди-кыргыз сөздүгүнүн бет ачары өттү.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев белгилегендей, сөздүк 1 миңден ашык окшош сөздөрдү өзүнө камтыйт.

“Мындан тышкары, кыргыз жана индия тараптары маданий мурастарды сактоо боюнча, ошондой эле биргеликте археологиялык казууларды жүргүзүү жолу менен тарых жана маданият эстеликтерин, коруктарды, кол жазмаларды ж.б. коргоо жөнүндө келишимге жетишишти”, - дейт ал.

Белгилүү болгондой, сөздүк Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий