• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте биринчи жолу дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтөт – видео

Спорт 0


Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтөт. Бул тууралуу видеону Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Маалыматка ылайык, рейтингдик мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев мелдеш 6-9-апрелде Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөрүн айткан.

"Мелдеш Олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпионатка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат. Бүгүнкү күндө мелдештин өткөрүү жобосу бекип, ага ылайык чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө баардык иш-чаралар аткарылып жатат", - деген Шабданбаев.

Пикир

Оставить комментарий