• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте биринчи жолу "Мыкты Семетейчи" сынагы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда, Токтогул Сатылганов атындыгы Кыргыз улуттук филармониясында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында “Мыкты Семетейчи” сынагы өтүп жатат.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган сынак Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулду.

Сынакка жалпы 19 семетей айткан өнөр адамдары катышууда.

"Сынак чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий жана маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таанусун бекемдөө, туруктуу коомдук чөйрөнүн болушун камсыздоо үчүн шарт түзүп берүү, дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу үчүн эпос айтуучулар арасында уюштурулду", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Сынак эки айлампа менен өтүп, жеңүүчүлөр эртең, 25-сентябрда өтө турган иш-чаранын расмий бөлүгүндө белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий