• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте биринчи жолу жаш активисттер үчүн «Art Workshop» көркөм чеберканасы болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Бишкекте биринчи жолу жаш активисттер үчүн «Art Workshop» көркөм чеберканасы болуп өттү, анын алкагында белгилүү сүрөтчү Татьяна Зеленская санариптик сүрөттөрдү жараттуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Татьяна Зеленская кыргызстандыктарга коррупция, ыш, аялдарга карата зомбулук, сөз эркиндигине тыюу салуу, Айзаданы уурдоо тууралуу жана “Баткен, сени менен кошулуп ыйлайм!” сыяктуу актуалдуу сүрөттөрү менен таанымал.

“Мен воркшоп, мастер-класстарды өткөрүп, мында санариптик сүрөттүн методикасы менен бөлүштүм. Биз жарандык активдүүлүк, өз позициясын сүрөт аркылуу кантип көрсөтүүгө боло тургандыгы тууралуу сүйлөштүк, бул жаштарды аниме тартып эле тим болбостон, социалдык-экономикалык маселелер тууралуу да ойлонуусуна алып келмекчи. Анын үстүнө, бүгүнкү күндө жаштар социалдык жактан активдүү. Мен өзүмдүн бул курактагы кезимди эстейм, азыркы 18 жаштагылар бизге караганда түшүнүктөрү кеӊири, тайманбас, кызыктуу” – деп, сүрөтчү өз пикири менен бөлүштү.

Жарандык баалуулуктар, лидерлик жана искусство аркылуу өзүнүн жарандык позициясын билдирүүсү АУЦА окутуучусу Елена Воронина тарабынан «Art Workshop» алкагында уюштурулган дискуссиянын темасы болду.

“Иш-чара жаштар лидерлери, активдүү коомчулукка багытталуу менен алар адамдарга чечим кабыл алып жатканда өз талаптарын, көйгөйлөрүн искусствонун, арттын жардамы менен чечүүдө санариптик аспаптарды пайдаланууга боло тургандыгын жеткирүү керектигин түшүнүүгө тийиш. Конкурстан өткөндөрдүн арасында басымдуу бөлүгү кыздар жана тестиер кыздар, бул абдан жакшы. Алар санариптик иллюстрацияларды жаратуунун баштапкы билимдерин үйрөнүштү. Биз эч кандай чектөөлөрдү койгон жокпуз, бизге дегеле бардык формат, мейли, иллюстрация болсун, плакат же дагы башка болсун, баары кызыктуу. Эӊ башкысы, ал жаштар кантип шайлоо укуктары менен алектенип, өздөрүнүн шайлоо укуктарын коргоп, өз өлкөсүнүн активдүү жараны боло ала тургандыгын чагылдырса болгону. Биз искусство жаштардын укуктарын алдыга жылдыруунун аспабы боло ала турганын жаштарга үйрөттүк” – деди ал.

Чеберкананын жыйынтыгы боюнча катышуучулар адам укугу, гендерлик теӊ укуктуулукту камсыздоо жана саясаттагы коррупцияга каршылык көрсөтүүнү камсыздоо көйгөйлөрүн чагылдырган санариптик өз сүрөттөрүн жаратууга тийиш.

Аталган иш-чара Эл аралык жаштар күнүнө арналган "Electoral Rights Fest" жумалыгын жыйынтыктады, ал жаштардын лидерлигин жана жарандык активдүүлүгүн, саясий коррупцияга каршы күрөшүүсүн жана жаштардын шайлоо процессине жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун активдештирүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өзүнө камтыган эле. «Art Workshopтун» катышуучуларынын ичинен эӊ мыкты 12 сүрөт 2022-жылдын календарын чыгарууда колдонулат.

"Electoral Rights Fest" жумалыгы Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES), эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий