• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Black Star Burger рестораны ачылды. Биринчи бургер 2 миң долларга сатылды

Коом 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Бишкекте белгилүү россиялык Black Star Burger түйүнүнүн рестораны ачылды.

Black Star Burger’дин ачылышында аукцион өткөрүлүп, биринчи бургерди Дубайдан келген конок 2 миң долларга сатып алган.

Ресторан өзүнүн кардарларын кабыл ала баштады, бирок расмий ачылышы кийинчерээк белгилүү рэпер Тиматинин катышуусу менен өтөт.

Эң алгачкы Black Star Burger рестораны 2016-жылы бизнесмен Юрий Левитас жана рэпер Тимати менен биргеликте ачылган. Кийинчерээк бул ресторандар түйүнүнө айланып, Россиянын 13 шаарында: Москва, Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Уфа, Грозный, Воронеж, Пермь, Ростов-на-Дону, Новосибирск, Екатеринбург, Краснодар, Ставрополь жана Калининградда ачылган.

Black Star Burger’дин өзгөчөлүгү алар бургерге кара түстөгү кол кап кошуп берет жана тамактарды жасоодо чочконун эти колдонулбайт.

Пикир

Оставить комментарий