• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте BMW жөө өтмөктөн кызды сүзүп кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бишкекте күн мурун саат 20:50лөр чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында жеңил унаа жөө өтмөктөн кызды сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, BMW үлгүсүндөгү унааны 22 жаштагы А.Р.Т. аттуу жигит башкарып келе жаткан. Айдоочуда эки жылдык стажы болгон.

Кырсыктан жабыркаган 23 жаштагы К.А.К аттуу кыз ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий