• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бокс боюнча чемпионат старт алды

Спорт 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионат старт алды. Бул тууралу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-28-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча чемпионаты өтүүдө.

"Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат. Мелдеш АИБА эл аркалык уюмдун эрежелери менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мелдештердин программасы:

24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал;

28-ноябрь – финал.

Пикир

Оставить комментарий